Аламүдүн районундагы ГЭС-5 көлүнө чөгүп кеткен кыз табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 6-август күнү саат 15:20 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматына маалымат келип түшкөн. Анда ГЭС-5 көлүнө жашы 20-25 жаштар чамасындагы кыз чөгүп кеткени айтылган. Кечээ, 7-августта да куткаруучулар издөө амалдарын жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.