Кара-Көл шаарында акциздик маркасы туура эмес чапталган 3912 бөтөлкө спирт ичимдиги табылды

Кара-Көл шаарында акциздик маркасы туура эмес чапталган 3912 бөтөлкө спирт ичимдиги табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 8-августта билдирди.

Маалыматка караганда, аталган шаардагы арак чыгаруучу ишкана бөтөлкөнүн өлчөмүнө туура келбеген акциздик марканы колдонгон. Тактап айтканда, 0,25 литрдин акциздик маркасы 0,5 литрлик бөтөлкөлөргө чапталган. Учурда салык төлөмдөрүн толук төлөтүү жана ишкананы жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан