
* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель
Уитни Элизабет Хьюстон АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Оранж шаарында төрөлүп-өскөн. "Гиннесстин рекорддор китебинде" Уитни Хьюстон эң көп сыйлыктардын ээси болгон артист катары жазылып калды. Анын сыйлык, наамдары 411ге жеткен. Башкасын айтпаганда эле ырчы, актриса 2 “Эмми”, 6 “Грэмми”, “Billboard” журналынын 30 атайын сыйлыктарынын ээси. Анын жалпысынан 170 миллион даана альбому сатылып, бул жаатта да эң алдынкылардын катарында.
Уитни Хьюстон 2012-жылы 11-февралда Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасында 48 жаш курагында дүйнө салган. Уитнинин жуунуучу бөлмөдө жаткан чала жан денесин анын жан сакчылары көрүп, “Тез жардам” чакырышкан. Бирок баары кеч болуп калган.

* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы АКШнын 37-президенти
Ричард Никсон отставкага кеткен. Уотергейт чуусунун натыйжасында Ричард Никсон президенттик кызматтан баш тарткан. Ошентип ал өз эрки менен кызматынан кеткен биринчи президент болуп калган.

* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы түркмөн лидери
Сапармурат Ниязов Аксакалдар кеңешинин делегаттары тарабынан чечилген "өмүр бою президент" наамын алуудан баш тарткан.
* Мындан 90 жыл мурун, 1924-жылы Луговое-Пишпек темир жол байланышы салтанат менен ачылган.