Бүгүн, 21-январында президент Алмазбек Атамбаев «2000-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы консулдук конвенцияны ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашуу иштерин жүргүзүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.