Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча 7 ай зайым каражаттарын кайтаруудан түшүүлөр 1 миллиард сомду түздү

2014-жылдын 7 айында бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарбакер субъектилерден зайым каражаттарын кайтаруудан түшүүлөр 1 394,22 миллион сомду түздү. 
Анын ичинен негизги карыз - 981,07 миллион сом, пайыздар жана айыптар - 413,15 миллион сом. Чарбакер субъектилер тарабынан бюджетке 937,1 миллион сом чет мамлекеттик кредиттер боюнча жана 457,1 миллион сом бюджеттик ссудалар боюнча зайым каражаттары кайтарылды. 
Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча 2014-жылдын 7 айында кайтаруунун былтыркы жылдын тиешелүү мезгили менен салыштыргандагы көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:

Көрсөткүчтөр

2014-жылдын

7 айында кайтарылганы

миллион сом менен

2013-жылдын

7 айында

кайтарылганы

миллион сом менен

2013-жылдын тиешелүү мезгилине пайыз менен

Негизги карыз         

981,07

999,96

98,1

Проценттер жана айыптар

413,15

312,86

132,1

Бардыгы

1 394,22

1 312,82

106,2

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан