Эльвира Сариева жаштарды спортко тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү айтты

КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын калкынын дене тарбиясынын нормативдик негиздери жөнүндө" жарлыгынын алкагында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 9-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Анда өз докладында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов калктын дене тарбиясынын нормативдик негиздерин иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. 

"Аскердик чакыруу алган жаштардын 92 пайызы физикалык даярдыктын нормативдик талаптарына жооп бербей жатышат. Жаштарды жана балдарды дене тарбиясын чыңдап, спорт менен машыгууга чакыруу жаатында чараларды көрүү зарыл",- деди Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан