Кыргызстандагы пенсионерлердин жарымы 4500 сом пенсия алышат

Өткөн жылдын аягындагы көрсөткүчтөргө караганда, Кыргызстандагы пенсионерлердин 306,3 миңи же 52,7 пайызы жашоо минимумунан аз пенсия алышат. Бул тууралуу 8-августта Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиялык жыйынында социалдык саясатты иштеп чыгуудагы анализ жана көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Калмырзаева билдирди. 
Анын айтымында, алардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашап, өз алдынча иштеп жаткандар. "Алар орто эсеп менен 4526 сом алышат. Ал эми калктын пенсия жаш курагындагы бөлүгүнүн жашоо минимуму 4599 сомду түзөт. Алардын аз пенсия алышына социалдык камсыздоодогу тарифтердин жетишсиз болушу себеп болууда. Мындан улам мамлекеттик социалдык камсыздоо саясатындагы тарифтерди кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы жаралууда",- деди Калмырзаева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан