Валерий Диль: "Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу тууралуу келишим жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат"

КРнын Вице-премьер-министри Валерий Дилдин жетекчилиги астында 8-августта Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу келишимди ишке ашырууга байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйында вице-премьер-министр Валерий Диль аталган келишимди ишке ашыруу боюнча министрликтин жетишсиз ишин белгиледи.

"Аталган келишимди ишке ашыруу жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилеп кетким келет. Көптөгөн маселелердин чечилиши создуктурулууда, өзгөчө мааниге ээ жана кыска мөөнөттө аткарылчу тапшырмалар аткарылбай жатат",- деди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 559-токтомуна ылайык, толук көлөмдө иш аткарбаган министрлик жана ведомстволорго тапшырмалар берилген, тактап айтканда, учурдагы инфраструктуралардын ордун которуу мүмкүндүгү боюнча маселе чечилген эмес, көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн каржылоо булагы жана башка маселелер аныкталган эмес.

Өз кезегинде энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев көптөгөн маселелерди чечүүдө акча каражаты талап кылынарын, бирок ал чыгымдар мамлекеттик бюджетте каралбагандыгын билдирди.

Жыйын соңунда Валерий Диль штаб жыйыны үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын билдирди жана тийиштүү министрлик жана ведомстволорго Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоорун ишке ашыруу алкагында каржылоо булактарын аныктоо үчүн тийиштүү эсептөөлөрдү сунуштоо, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Орусия Федерациясы Өкмөттөрү аралык түзүлгөн келишимдин 7-беренесине ылайык, кыргыз тараптын милдеттенмесин аткаруу үчүн бардык күчтү жумшоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан