БШК: "Жакында болчу мэр жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо үчүн 1,5 миллион сом керектелет"

Кыргызстанда жакында болчу шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо үчүн 1,5 миллион сом керектелет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады. Маалым болгондой, КРнын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин шайлоо боюнча чыгымдардын эсебин бекитти. Анда транспорттук чыгымдар, канцелярдык товарлар жана аймактык шайлоо комиссияларынын суткалык чыгымдары эсептелген. Эске сала кетсек, 28-январдан 2-февралга чейин Кыргызстанда 20 шаар жетекчисин жана 215 айыл өкмөт башчыларын шайлоо болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан