* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы Кыргызстандын башкы ортопед-травматологу, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери
Сабырбек Жумабеков төрөлгөн.
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолку “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси
Мирбек Атабеков Талас облусуна караштуу Жон-Арык айылында төрөлгөн. 1993-жылы өзү жашаган айылдагы мектепке бара баштаган. 6-классты аяктап, Бишкекке бир туугандары менен көчүп келип, №50-мектеп-гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдынкы орундарга чыга баштаган. 2006-жылы
Канат Култаев менен иштешип, экинчи хит ыры "Сени гана" менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Мирбектин биринчи жеке концерти 3 күнгө уланган.
* Мындан 88 жыл мурун, 1926-жылы «Кодак» компаниясы түстүү киноплёнкаларды чыгара баштаган.