Кадамжайдын тургуну "аялы менен көңүлдөштүк мамиледе болгон айылдашын бычактап салды" деп шектелүүдө

Кадамжай районунун тургуну айылдашын өз үйүнө чакырып, бычактап салганы белгилүү болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-августунда Кадамжай районунун тургуну айылдашын үйүнө сүйлөшүүгө чакырып, бычактап салган. Бычактан жараат алган жаран окуя болгон жерде каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышты жасаган адам аялы менен айылдашынын ортосунда көңүлдөштүк мамилеси бар экенин билип, ушундай кадамга барган.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, ага карата кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Byshakov
2014-08-11 11:59:08
куйоосун тушунсо болот, ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
nur1813
2014-08-11 20:27:51
Byshakov,куйоосунун эмнесин тушуносун,ал озу бир омур бузук жургон киши.айалы жакшы аял эле ошол олгон кишинин колунда иштечу.бузук адам баарын бузук деп ойлойтда
0
MARGO55
2014-08-11 13:23:21
Акылы тайкы аялын деп куноого батып аны олтуруп озун Темир тор артында калдын!Мындан кимге пайда кимге зыян шуркуя аялын болсо дагы бироонун астыында талпак болуп жургондур.Мындайда акылдуулук менен чечим чыгаруу керек.Ушундай Бир окуя болгон экен угушум боюнча куйоосу жумуштан келсе аялы бироо менен жаткан болот анан ал акырыыын барып эки челекке толтура суу алып келип тиги ойношуна ушул сууну калтырбай ичсен соо коюп жиберем болбосо капа болбо дейт.Тиги суйунгонунон айласы куруп ичип чыгатта
+1
Alai.kyzy
2014-08-11 14:50:56
MARGO55, созунузго кошулам. Кимге женил болду? Бироо олду, бироо камакта. Кимге боло болду бул окуя, аял учун. А ошол аял дагы канчасынын тагдырын бузбайт деп ким кепилдик берет?! Ошондуктан зына кылгандардын жазасын башкача бериш керек, олтуруп эмес. Озунун эле шору, турмодо жатат.
0
furkat80
2014-08-11 16:11:42
Alai.kyzy, мумкун аялы андай кылбагандыр аялынан маалымат жокго. кээ бир кызганчаак эркектер оздору жооруп аялына ар эркекти жабыштыра беретго. куто туралычы ким туура экени билинетго
+1
nur1813
2014-08-11 20:35:00
furkat80, аялы жакшы эле аял болчу 2кыз берген 2небере коргон,куйоосу бузук жургонун бут айыл билет
0
Alai.kyzy
2014-08-12 08:23:12
furkat80, мен олтургучту жактаган жокмун. Кандай болсо да, эки адамдын тагдыры бузулду. Бироо олду. Ушундай маалымат берээрде эки жактан маалымат алышса жакшы болмок.
0
nur1813
2014-08-11 20:32:04
MARGO55, аялы шуркуя эмес.жакшына аял,ошол олтургон эри таксис,аялы канча чыдаса да болбой ар ким менен жургон,аялы акырында москвага келе берген эле.
0
MARGO55
2014-08-11 13:25:02
Коп суу ичкенине организми которо албай коп коломдогу сууну аш кыла албай кусуп жатып оо дуйного кете Берген экен.
+2
kreml87
2014-08-11 16:05:20
Кошуналарым жакшы адамдар эле.Москвадан кызынын тоюна барган болчу.Ажал алып барыптырда.Жаткан жери жайлуу болсун.Кылмышты кылган акеге бсо сабыр берсин!
0
nsk-mk
2014-08-11 17:58:27
дело ХХХ брат! ХХХ ХХХ ХХХ...
-1
admin_portal
2014-08-11 18:13:29
nsk-mk, Byshakov - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
dosbol
2014-08-11 20:14:11
Туура кылыптыр , айалынбашка менен журуп кетсе намысына чыдап жашагычан жок болгонун жакшы.
+1
Aksana1602
2014-08-11 20:49:44
олтуруп алып жми омуру турмодо отот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан