Бишкекте Ак-Ордо конушунун тургуну мас абалында коңшусун бычактап салганы боюнча тергөө жүрүүдө

Бишкектин Ак-Ордо конушунун тургуну мас абалында коңшусун бычактап салды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.

Маалыматтарга караганда, Ак-Ордо конушунун Алим аттуу тургуну мас абалында Айбек аттуу коңшусу менен урушуп кеткен. Ортодогу келишпестик бири-бирине кол көтөрүүгө жеткенде Алим Айбекти бир нече ирет көкүрөккө сайып жиберген. Жараат алган жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.          

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
timur555
2014-08-12 02:22:48
Арак арак арак дагы арактын айынан бир олум эмне деп айтуунуда билбейм.(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан