8-августта битир-садагалар бир нече уюмдарга таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин катышуусунда битир-садагалар “Сурия” кайрымдуулук фондуна, Шералы Назаркулов атындагы коомдук фондуна, “Кыргызстан элинин ар-намысын жана абийирин коргоо комитети” коомдук бирикмесине, “Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгресси” коомдук бирикмесине, “Элдик кайрат” коомдук бирикмесине, “Бириккин, кыргыз!” этникалык кайрылман кыргыздар коомдук бирикмесине, “Азем буюм” коомдук фондуна тапшырылды. Битир-садагалар Орозо айында келип түшкөн арыздардын негизинде берилди.