Өлкө башчы Түркиядагы президенттик шайлоодон утуп чыккан Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Түркияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө 10-августта Анкарада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.

Президенттик аппараттан билдиргендей, мамлекет башчысы Түркиянын премьер-министрин 2014-жылдын 10-августунда өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Кыргыз-түрк мамилелери Режеп Тайип Эрдоган Түркия Республикасынын Президенти кызматында турган мезгилде өлкөнүн премьер-министри кезиндегидей эле динамикалуу өнүгөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Режеп Тайип Эрдоганга президенттик кызматында Түркия Республикасынын гүлдөп-өнүгүшү үчүн ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө боордош эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жана достукту чыңдоонун мындан аркы келечегине тиешелүү маселелер дагы талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан