Балыкчы шаарында 3 унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 10-август күнү саат 12:34 чамасында Балыкчы – Бишкек унаа жолунун 15-чакырымында Тойота Камри, Тойота Лэнд Крузэр жана Хонда Одиссей унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн.