10-августта Кыргызстандын 500 аскери Кытайга Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттер арасында өтчү “Тынчтык миссиясы-2014” машыгуусуна жөнөп кетти. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аскерлер тажрыйба алмашуу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча окуудан өтүшөт. Машыгуу 24-августтан 29-августка чейин уланат. Ага Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан барган үч миңден ашык аскер катышат.