Эртең, 12-августта Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын жаштар канаты Орусияны колдогон митинг өткөрөт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди. Акция “Одесса трагедиясына 100 күн” деп аталып, Одессада Украинанын аскерлеринин колунан каза болгондор эскерилет жана катышуучулар эл алдына чыгып, өз сөздөрүн айтышат.