Орусиянын Кыргызстандагы паспорттук-визалык филиалы бүгүн өз ишин баштады

Орусиянын Кыргызстандагы паспорттук-визалык филиалы бүгүн, 11-августта Орусияга иштөөгө бара тургандарды каттоо үчүн өз ишин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына филиалдын жетекчиси Бакыт Эркинбаев билдирди.

Экинбаевдин айтымында, мигранттар эми Бишкектен эле каттоого туруп, Орусиянын аймагына киргенде 8-10 сааттын ичинде патентти колуна ала алышат.

Буга чейин Орусияда мигранттар алган патент жылына 30 миң же 40 миң рублга барабар болуп келген. Алар көрсөтүлгөн сумманы ар бир айда бөлүп төлөп турушкан. Ал эми Бишкектеги филиал патенттин баасын Орусиянын Федералдык миграция кызматы менен сүйлөшүп, 8800 рублге алууга мүмкүнчүлүк түздү. Филиал бүгүн ишин баштап, жарандарды кабыл алып жатат”,- деди Эркинбаев.

Ал эми Орусиянын Федералдык миграция кызматы мындай филиалды Ош облусуна да ачарын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aika2013
2014-08-11 13:27:22
Патент мн анан ищке да алабы экен?
0
dinara7684
2014-08-11 14:02:43
баардыгы патент менен иштеп журушот 1300р толойбуз айына.
0
Berdikulov
2014-08-11 14:38:18
Патент менен Эмне жумушка орношсо болот?
0
Shamdagai2013
2014-08-11 14:39:46
Жылына 8800рубль толонобу же...?Кыргызстандан толоп Москвадан алынабы?тушунбой калдым.
0
nurando
2014-08-11 15:04:26
Shamdagai2013, менда
+1
furkat80
2014-08-11 16:15:24
Shamdagai2013,Орусияга киргенде 8 10 сааттын ичинде колуна аласын патентти. 30 40 мин толонбойт элего патентке кайдагыны жазышкан.
0
youngyoung
2014-08-11 16:20:41
8800 рубль бир жылдыкпы не? эч тушунбодум, Патент дегенге айына 1200 дой акча толонот, бир жылда 15 000дей акча кетет. А разрешение на работу 30-40 000 рубль. Тушунуксуз.
0
Berdikulov
2014-08-11 16:34:21
Алдын ала акча толоп Эмне кереги бар патент менен жумушка кире албасак
0
Aksana1602
2014-08-11 20:36:00
эч кандай патент 30 -40 мин болгон эмес го
0
jirgalb
2014-08-11 21:15:44
кайдагы 30-40мин ушул жерден да жейин деп жатканго
0
beknazar_81
2014-08-12 01:01:58
1 июлдан баштап патент менен иштоого закон кабыл алынган россия федерациясы бирок кучуно жакшы кире элек а патенти Бишкекте жылына 8800 рублы толойсун болду иштей бересинер Эркинбаев 30 40 мин деп разрешениянын акчасын алмаштырып айтып жатат
0
timur555
2014-08-12 02:19:03
beknazar_81, мынча жакшы ошон учун полицияга тушкондо потент менен иштейм десем унчукпай коёберген турбайбы мен толойм 1300 р айына. Разрещения кымбат
0
Manasemetei
2014-08-12 04:23:11
Jakwy iw
0
Mir.kg.88
2014-08-12 12:10:18
Уялбай 30 ,40 мин деп жазып алышканбы,эч кандай 30-40 минге жеткен эмес жазат десе аша чаап кетишкенго. Патентке башында толойсун 5000 мин 3 айга чейин болот мооноту андан сон айына 1200 жылына 18минге жетпеген акча толонот 30 40 ты таза абадан алганго булар жазат жаза берет экенда таза абадан алып турмуштан эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан