Аламүдүн районунун тургуну үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 4 айлык наристесин эмерекке чаап өлтүрүп салганы айтылууда. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз бүгүн, 11-августта кабарлашты.
8-август күнү 34 жаштагы жаран үйүнө мас абалында келип, аялы менен уруша кеткен. Аялы күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабай кетип калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, аялынын качып кеткенине ачууланган үй ээси 4 айлык наристесин колуна көтөрүп эмерекке чаап салган. Ымыркай окуя болгон жерде каза тапкан. Мындан соң 34 жаштагы жаран из жашырып кетүүгө аракет кылып, бирок милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.