Тажик Республикасынын чек арачылары тарабынан Чоң-Алай районунун эки тургуну барымтага алынгандыгы боюнча аталган райондун 60-70ке жакын тургуну чогулуп, "Кара-Мык" чек ара заставасынын имаратынын алдына кармалып турган жарандарды бошотуу талабын коюшкан. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев маалымдады. Эгерде жогорудагы талаптар 3 күндүн ичинде аткарылбаса, Сары-Таш - Комсомол-Абад унаа жолун тосууга аргасыз экенин жергиликтүү тургундар билдиришкен.
Элдин талабын угуу үчүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Абдилазиз Ашыралиев, РИИБдин башчысы Таалай Калбердиевдер барышкан.
Ал эми бүгүн эртең менен бир катар жетекчилер Тажик Республикасына барып Жерге-Тал районунун бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, окуя болгон жерди көрүп, камакта турган 2 атуулду чыгаруу максатында жөнөп кетишкен.
Азыркы учурда Чоң-Алай районунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу сакталууда. Ошондой эле эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.