Аламүдүн районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 9-август күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда турак үйлөрдүн биринен 1986-жылы туулган айымдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган айымдын денесинен оор жараат алганы белгилүү болгон. Көп өтпөй кылмышка шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалып, көрсөтмө берген.