Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилди
Бүгүн, 2013-жылдын 21-январында президент Алмазбек Атамбаев «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Айта кетсек, бул документте 70ке жакын долбоорду ишке ашыруу белгиленген. 2017-жылга чейин Кыргызстанды бизнес жүргүзүү рейтинги боюнча мыкты делген 30 өлкөнүн катарына кошуу, коррупцияны азайтуу боюнча алдынкы 50 өлкөнүн бирине айлантуу сыяктуу орчундуу маселелер камтылган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.