Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда баңгизаттарына байланыштуу 105 кылмыш катталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 7 ай ичинде 460 килограммдан ашык баңги каражаттары мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган. Ошондой эле облус аймагында 118 гектар кара куурай орулуп, милиция кызматкерлери тарабынан жок кылынган.