Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 11-августта КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун үстүбүздөгү жылга карата иш-аракеттер жана милдеттер планынын аткарылышы боюнча отчётун укту.
Министр мектепке чейинки билим берүү жаатындагы пландын негизги пункттарынын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте 32 бала бакча имараты артка кайтарылган. Буга катар өлкөнүн мектептеринде тийиштүү окуу-усулдук материалдар менен жабдылган мектепке чейинки даярдоо үчүн 2237 класс комплекттештирилип-жабдылган. Ал эми 100 пилоттук мектеп үчүн заманбап талаптарга жооп берген интерактивдүү инновациялык жабдуулар сатылып алынган.
Ошондой эле тармактык министрликтин жетекчиси ЖОЖ тармактарын жакшыртуу боюнча негизги талаптарды жана баскычтарды аныктоо боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева министрдин отчётун уккандан кийин билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун көңүлүн республика мектептерин келерки күз-кыш мезгилине карата даярдоо, окуучулардын окуу китептери менен камсыздоо сапатын жогорулатуу, ЖОЖдорду жакшыртуу боюнча иштерди тездетүүнүн зарылдыгына бурду.