Түркиядагы кум жээктен эки баштуу дельфин табылды

Түркиядагы Измир шаарында деңиз жээгинен эки баштуу дельфин табылды. Аны жергиликтүү мектепте иштеген Тугрул Метин аттуу мугалим таап алган. 
Ал: "Мен дельфинди деңизден көрүп калдым. Алгач жөн гана көзүмө көрүнүп жатат деп ойлогом. Буга чейин мындайды көрбөгөндүктөн, нес болуп калдым",- деп билдирген. Жээкке чыгып калган бир жаштагы дельфиндин баласынын эки башы бар болгон.
Биологдор тийиштүү экспертиза жүргүзгөндөн кийин дельфиндин бир башындагы көзү менен дем алуу көңдөйчөсү өрчүбөгөндүгү белгилүү болгон. Окумуштуулар мындай сиам эгиздери чанда кездешчү көрүнүш экенин айтышкан. Бул тууралуу 11-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Asman...
2014-08-12 11:09:53
Тообо ээээй Алланын кудурети бул болсо да
+5
munar85
2014-08-12 11:11:42
туркияга жаны эки баштуу ажыдар келгендин белгиси болсо керек да
-8
altynka95
2014-08-12 11:25:28
Тообо кылдым не деген шумдук?!
+3
Aipri
2014-08-12 12:10:42
Булар эгиз болмоктур, бирок туйулдук кезде жакшы орчубой калып, бири-бирине жабышып калгандыр. балким.
+3
alibekova94
2014-08-12 14:15:33
Aipri, Мен да ошентип ойлоп калдым тообо кылдым
0
ma4ak
2014-08-12 21:39:22
бул мутация,просто сырткы күчтөн улам же жакын туугандашып жупташуудан келип чыгат.
-1
Ashurjan
2014-08-12 22:11:30
Siyamskyi bliznitsy
0
Oceana
2014-08-13 01:53:52
Jakwy emi 3 bawtuusu 4yksyn.
-4
Lumia-800
2014-08-14 12:24:02
Тируу экенби?
0
demo009
2014-08-13 10:48:38
Апасынын ичинде жүргөндө апасы туура эмес жатып алса керек да..
-3
gulperi.kg
2014-08-13 21:34:48
Адамдарда деле торолуп атпайбы ,балыктар не болуп калыптыр
0
aidabatyr
2014-09-24 09:57:53
булар мутанттар да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан