"Пара талап кылган" деген шек менен кармалган милиция кызматкери үй камагына чыгарылды

Сот Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын "пара талап кылган" деген шек менен кармалган кызматкерин үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынан бүгүн, 12-августта билдирди.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин шаар тургунунан 20 миң сом пара талап кылганы боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, шаардык прокуратурага Ж.М. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери маселени оң жакка чечип берүү үчүн 20 миң сом акча талап кылышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары С.Ш. аттуу жаран 13 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur45
2014-08-13 18:40:06
Azur anti korrupsiadagu adamdar ozdoru postava kulup ele kaarmap alup, anan iwti ozdoru ele jaap koiup jatbaibu kaira para alup.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан