3 ай ичинде жарандардын кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын каттоо тармагында 38 коррупциялык схема ачыкталды. Бул тууралуу Мамкаттоо кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 12-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, Коргоо кеңеши жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 3 ай ичинде жарандардын кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын каттоо тармагында 38 коррупциялык схема ачыкталган. Жарандардын кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын каттоо тармагында бир эле мүлктү мыйзамсыз сатып алуу, сатуу, каза болгон жарандардан калган мүлктү мыйзамсыз менчикке алуу, пайдалануу, ошондой эле айыл чарбачылыгына багытталган жерлерди кен казуу иштерине өткөрүп берүү фактылары катталгандыгы маалымдалды.