Ысык-Көл районунун Темир айылында токой өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-августта билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 10-август күнү башталган. Аны өчүрүү иштерине жалпы 33 адам тартылган. Бүгүнкү күнү өрт толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.