Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-августта билдирди.
Маалыматка караганда, саат 01:14 чамасында Бишкек-аэропорт унаа жолунда Субару Форестер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен бир адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамга биринчи жардамды көрсөтүшкөн.