Эки күндүн ичинде Кыргызстанда кайсы дары-дармектер кошумча нарк салыгынан бошотулгандыгы маалым болот

22-23-январда Кыргызстанда кайсы дары-дармектер кошумча нарк салыгынан бошотулгандыгы маалым болот. Бул тууралуу 21-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда өткөн “Кээ бир дары-дармектерин кошумча нарк салыгынан алуу тууралуу” аттуу өкмөттүн жыйынында айтылды. Депутаттардын айтымында, КНСтен бардык дары-дармектер алынат. Бир гана биологиялык жол менен жасалган кошумча дарылар, медициналык жабдыктар, косметикалык каражаттарга 12 пайыздык кошумча нарк салыгын салуу болушу мүмкүн. Эскерте кетсек, 1-январда Салык кодексине “дары-дармектерге кошумча нарк салыгын салуу тууралуу” өзгөртүүлөр киргизилген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан