Жалал-Абад облусунун Сузак районунда турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кечээ, 12-августта билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 11-август күнү саат 17:00 чамасында башталган. Анын кесепетинен жыгач устундуу турак үйдүн 288 чарчы метр чатыры, 198 чарчы метр сарайдын чатыры, терезе, эшиктер жана 2900 түк чөп, 300 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.