Кечээ, 12-августта айыл чарба жана өнөр жай министри Таалайбек Айдаралиев Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин жетекчиси Ким Янг Мок менен жолукту.
Белгилүү болгондой, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосунда айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министр Кыргызстандын айыл чарбасындагы артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат берип, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жабдыктар менен камсыздоо керектигин айтты.
Андан сырткары Ким Янг Мокко логистикалык борбор түзүү, жашылча-жемиштерди сактоочу жайларды куруу, картошканын уругун жакшыртуу, күнөсканаларды жандандыруу боюнча сунуштарды берүүнү убадалады. Ал эми Ким Янг Мок өз сунуштарын берерин билдирди.