Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-августта Өкмөт үйүндө Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономиканын негизги багыттары боюнча коллегия мүчөсү Татьяна Валовая менен жолугушту.
Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча иш-чаралар планын (жол картасы) ишке ашырууда көрсөтүлгөн көмөгү үчүн Бирдиктүү экономикалык аймакка ыраазычылык билдирди.
“Биз интеграциялык процесс алкагында милдеттенмелерибизди аткаруу боюнча ишти тез жана натыйжалуу ишке ашырууга умтулуудабыз. КР ББ кирүү боюнча жол картасын ишке ашырууда көрсөткөн көмөгү үчүн орусиялык жана казакстандык кесиптештерге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр белгилегендей, учурда жол картасын ишке ашыруу боюнча кыргыз тараптын иштери активдүү жүрүүдө. Бул максатта жол картасынын ар бир багыты боюнча 14 иштиктүү топ түзүлгөн жана ар жума сайын КРнын Премьер-министринин төрагалыгы астында КР ББ жана БЭА кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлүүдө.
Татьяна Валовая КР ББ кирүү процесси оңдуу багытта жүрүп жатканын белгиледи.
“Бардык пландаштырылган иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылууда. Бизде чечүүгө муктаж болгон принципиалдуу маселелер жок. Кыргыз тарап жактан аткарылган иштер ырааттуу жана натыйжалуу жүрүүдө”,- деди ал.
Андан соң КР инвестицияларды тартуу максатында кыргыз жана орусиялык бизнес аралык байланыштарды активдештирүү мүмкүндүгү талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар КР ББ кирүү алкагындагы инфраструктуралык долбоорлорду, техникалык жөнгө салууну жана бажы администрациясын ишке ашыруу маселесине кеңири токтолду.
КР ББ кирүүсү үчүн зарыл болгон нормативдик-укуктук база боюнча өкмөт сунушу сентябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталары айтылды.