Кызганыч 41 жаштагы айымдын өлүмүнө себепкер болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта билдирди.
ОИИБинин маалыматына караганда, 11-август күнү саат 17:30 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылынын түштүк тарабындагы Таш-Дөбө аймагынан жашы 45-50 чамасындагы айымдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган. Аталган жерге милиция кызматкерлери барышып, каза болгон айым Каракол шаарынын Элмира аттуу 41 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 24 жаштагы Майрамкүл аттуу айым кармалган. Анын айтымында, окуя болгон күнү күйөөсү каза болгон аял менен бирге арак ичип отурганын көргөн. Мындан улам кызганып, 41 жаштагы айымды катуу сабап салган. Анын кесепетинен аталган айым каза болгон.