Бишкекте катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа даракты сүзүп, бир айым каза тапты

Бишкекте автоунаа жол жээгиндеги даракты сүзүп, бир айым каза тапты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты. 

Маалыматтарга караганда, 13-август күнү саат 01:00 чамасында Тойота үлгүсүндөгү унаа Тынчтык көчөсүнөн катуу ылдамдыкта баратып жол жээгиндеги даракты сүзгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, катуу ылдамдыкта баратып рулду башкара албай калган.

Кырсыктын айынан айдоочу жана анын жанында бараткан жүргүнчү ооруканага жеткирилип, ал эми алар менен кошо жүргөн айым окуя болгон жерде каза тапкан. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayakosya
2014-08-13 11:27:40
Кайран машина.
-8
meridian
2014-08-13 12:13:04
ayakosya, кайран машина эмес. Машина табылат,адам омуру табылбайт да. Акырын айдаса кырсык болбойт эле.
+6
jasi
2014-08-13 13:00:46
Жанын чыкканча газды бас! Анан бир нерсе болсо турасын башыны жерге салып.
+4
Alicia
2014-08-13 22:33:27
oshondo mashinada 2 adam bolgonbu je 3 pu? janyndagy adam any mn kosho jurgon adam? tushunuksuz go?
0
admin_superstan
2014-08-14 11:16:25
Alicia, машинада 3 адам болгон: айдоочу, анын жанындагы жүргүнчү жана каза болгон айым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан