Баткендеги айланма жолду куруу иштери улантыла баштады

13-августта Баткен облусундагы Тажикстандын Ворух, Кожалы айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык айланма жолунун курулушу улантыла баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Искандаров 25 чакырым турган бул жолдун курулуш ишин жүргүзүү үчүн атайын техникалар Ак-Сай айылына жеткирилгенин жана жол кышка чейин бүткөрүлүшү керек экендигин айтты. “Азыр тажик тарап менен жолугушуп, сүйлөшүп жатабыз. Эгерде алар тараптан эч кандай каршылык жок болуп, макулдук берсе, биз ишти баштайбыз. Бул иш кышка чейин бүтүш керек”,- деди Искандаров.

Айта кетсек, айланма жолдун курулуш иши өткөн жылы декабрь айында башталып, Тажикстандын жарандары 2014-жылдын 11-январында жолдун курулушуна каршы чыгып, эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алганда токтотулган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан