Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №1-СИЗОдо отурган жарандын арызы боюнча анын ал-абалы менен таанышып келишти
13-январда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №1-СИЗОдо отурган В.Мамбеталиева аттуу жарандын ден соолугуна байланыштуу жазган арызы боюнча аталган СИЗОго барып кайтышты. Бул тууралуу 21-январда Акыйкатчынын расмий сайтында жарыяланды. Жолугушууда В.Мамбеталиева 2-топтогу майып экенин, аталган СИЗОдо эч кандай медициналык, санитардык талаптын жоктугун, камераларда келемиш, жөргөмүш өңдүү курт-кумурскалар бар экенин айтты. Бул даттануулар жана аталган жарандын ден соолугу боюнча Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү №1-СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүмүнүн жетекчиси К.Байтерековага кайрылганында ал “чындыгында, Мамбеталиеванын ден соолугу начар, аны атайын ооруканада дарылоо үчүн жактоочунун атынан СИЗОнун башчысына өтүнүч кат жазуу керек” деп билдирди.