Орусиядан "өз жердешин бычактап өлтүрдү" деген шек менен кыргызстандык жаран кармалды

Орусиядан "өз жердешин бычактап өлтүрдү" деген шек менен кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары 13-августта жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Орусиянын Красноярск шаарындагы Чернышевский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде бычактан алган жараатынан улам каза тапкан адамдын жансыз денеси табылып, ал кыргыз жараны экендиги аныкталган. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары Орусияда чогуу иштеп жүргөн кыргызстандык жердеши кармалган. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, 10-август күнү кыргызстандык эки жаран алкоголдук ичимдиктерди ичип отурушкан, ортодо келип чыккан уруш учурунда алардын бири экинчисин бычактап салган.

Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
anobis85
2014-08-13 11:21:19
ичимдик жакшы емесда
0
azema9
2014-08-13 11:36:45
Дагы арак ,ичкиликтин тубуно эч жеткен эмес эки омурго балта чабылды экоонун куткон адамдары бардыр бироосуно жаткан жери жаннаттан болсун экинчисине сабыр канаат
0
ayakosya
2014-08-13 11:38:26
Кыргызга эчнерсе жакпайт.
-5
bujum32
2014-08-13 11:48:10
ayakosya, неге Кыргызга?! Адам баласына эмеспи?
0
bishkek.kg
2014-08-14 10:53:01
ayakosya, да!!
0
aidai89
2014-08-13 12:21:29
алыс жерде жургон сон бардык жерин кысып журушпойт да
0
peri9696
2014-08-13 14:46:53
Тажиктер бычактап кетишиптир деп укпадык беле? Ошондо кыргыз жигити олтургону анык бекен?
0
baha1985
2014-08-13 20:23:15
Алтынбек Борошовдун ырдаган ыры тура келип ататко биз кайда баратабыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан