Нарын районунда 20 гектар бадал жана карагай күйүп кетти

Нарын районунун Таш-Башат айылында 20 гектар бадал жана карагай күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 12-август күнү Кичи-Орток бөксө тоосунун тескей тарабында өрт чыгып, куураган чөп, 20 гектар бадал, карагай күйгөн. Аны өчүрүүгө 500гө жакын адам тартылган. Учурда эки аймакта кайрадан өрт чыгуу коркунучу болгондуктан, 50гө чукул адам өрттүн жайылуусунун алдын алуу максатында бадалдарды кыйып, жерлерди казышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur45
2014-08-13 18:24:32
20гектар куйгонго чеийн караап отураберипби МЧС.же адатынча куйуп буткондон кийин келди го сыягы, же президентибиз айткандай, койлорго боло берет деген го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан