Бишкекте 2012-жылы 5 миңдей жаранга турак-жай субсидиясы (мамлекеттин бюджетинен каралган жардам) үчүн шаардык бюджеттен 26,9 миллион сом бөлүнгөн. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, мындай жардам мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, 3 миң 713 пенсионерге жана 1 миң 607 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жумшалды. Ошондой эле Турак-жай субсидиялар борборунда 2013-жылга карата жардамга муктаж жарандарды кайра каттоо боюнча документтер кабыл алына баштаганын билдирет мэрия.