Бишкекте "арзан баада көмүр сатам" деп пенсионерлердин акчасын алдап алып кеткен" деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, Новопавловка айылынын 29 жаштагы Г.С. аттуу тургуну карыган адамдардын ишеничине кирип, аларды алдап жүргөн. Тактап айтканда, ал арзан баадагы көмүр сатарын билдирип, пенсионерлерди “Кара-Жыра” деген көмүр төгүлүүчү жайга алып барган, ал жерден акчаны алып, "кассага төлөө керек" деген шылтоо менен из жашырып кетип жүргөн. Учурда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын кандайдыр бир алдамчылык иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, милицияга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 0 554 102 277, 0 550 102 238