Тогуз-Торо эли “Макмал” комбинатын үзгүлтүксүз иштетүүнү суранышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Тогуз-Торо эли менен болгон жолугушууда тургундар “Макмал” комбинатынын ишин үзгүлтүккө учуратпоону суранышты. Бул тууралуу 12-августта парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Эл өкүлү шарты катаал, алыскы Тогуз-Торо районундагы жападан-жалгыз ишкананын пайдасы чоң экенин белгилеп, өкмөткө бул маселе боюнча кайрылууга убада кылды. 

Комбинаттын директорунун милдетин аткаруучу Жакшыбек Базаров жолугушууда “Кылдоо” участкасын иштетүүгө уруксат берилсе, комбинат дагы 10 жылга чукул иштей турганын айтты. 

Ал комбинатта кезинде күнүнө 1200 тоннага чейин кен иштетилип келсе, учурда 650 тоннага чейин азайып, иш маал-маалы менен токтоп калып жатканын жана 1986-жылдан бери иштеп, 36 тонна алтын өндүрүлгөнүн билдирди. Учурда комбинат жалпы 1200 адамды жумуш менен камсыздап турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан