Эльвира Сариева: "Өкмөт жеке менчик бала бакчаларды ачууну жеңилдетет"

КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева 13-августта борбордогу бала бакчалардын абалы менен таанышып, тарбияланып жаткан балдар жана тарбиячылар менен баарлашып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Вице-премьер-министр балдардын мектепке чейинки даярдыгы боюнча маселе курч бойдон келе жатканын баса белгилеп өттү. Статистикалык маалыматтарга караганда, өлкөдөгү 772 миң баланын ичинен 132 миңи гана бала бакчага барат. Азыркы тапта мамлекеттик мекемелерден сырткары жеке менчик бала бакчалар да ийгиликтүү иш алып барышууда. 

"Мектепке чейинки билимге болгон суроо-талапты, учурдагы жеке менчик бала бакчаларды ачууну көздөп жаткан ишкерлердин ниетин эске алып, аларга шарт түзүү жагы каралууда. Билим берүү ишмердигине лицензия берүүгө өкмөт өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчаларга лицензия талап кылынбайт. Ошондой эле менчик имараты болушу шарт эмес. Мындан ары 3 жылдан кем эмес убакытка ижарага ала алышат",- деди Эльвира Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан