Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаев сот чечимине ылайык, кечээ, 12-августта Бишкектеги №1-СИЗОдон жатак абагына которулду. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Учкунбек Ташбаевге Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "лицензия берүүдө кызмат абалын мыйзамсыз колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 2012-жылы декабрь айында камакка алынган. Тагылган айып боюнча Ташбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 5 жылга эркинен ажыратылган.