Министр: "Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан, массалык электр менен камсыздоо токтоп калышы мүмкүн"

Бүгүн, 13-августта өкмөттүн селектордук отурумунун жүрүшүндө КРнын Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев: "Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аз запастары менен күзгү-кышкы мезгилге киргендигибизден массалык электр менен камсыздоонун токтоп калышы толук мүмкүн",- деди. 
Анын айтымында, былтыркы кышта электр энергияны пайдалануу 71 миллион киловатт-саат болуп, тарыхый деңгээлге жетти. Ал эми жайкы мезгилде былтыркы жылга салыштырмалуу саатына 2 миллион киловаттка көбөйгөн.
"2014-жылдын 3-кварталында Токтогул суу сактагычына суунун түшүшү 77 пайызга болжолдонууда. Ошентип, 1-октябрда суунун көлөмү 12,8 миллиард куб метр, 2015-жылдын 1-январында 10,3 миллиард куб метр, 2015-жылдын 1-апрелинде 5,9 миллиард куб метрди түзөт",- деди Артыкбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан