Кыргыз-казак чек ара тилкесинде ок атышуу болуп, эки кыргыз жараны кармалды

Кыргыз-казак чек ара тилкесинде ок атышуу болуп, эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Казакстандын маалымат каражаттары Чек ара кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга караганда, Казакстандын “Карасай” чек ара отрядынын чек арачылары атчан жүрүшкөн 3 адамды кармоого аракет кылышкан. Кармоо учурунда атчан адамдар каршылык көрсөтүшүп, чек арачылар тарапка 5 жолу ок атышкан. Буга жооп катары казак чек арачылары эскертүү катары асманга 1 жолу ок чыгарып, 2 жолу аларды карай атышкан. Анын натыйжасында эч ким жабыркаган эмес. Алардын экөө кармалып, бири качып кетүүгө үлгүргөн. Кармалгандар Кыргызстандын жарандары болушкан. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
hihikayu
2014-08-13 15:52:26
ииий тынч эле журбойбузда...
+2
bazar
2014-08-13 15:55:52
Эмне балее... Тажиктер деле атышат, Казактар деле атышат. Алар бизге кысым көргөзүп жатабы же биз "кутуруп" тийишип жатабызбы?.. Митинге чыгып милийсаларды токмоктоп үйрөнүп алган жаныбыз аларга да тийишип жатат окшойбуз. Башка өлкөнүн аймагына өткөн соң ошол өлкөнүн мыйзамын сыйлайлы кыргыздар. Ал тарап Кыргызстан эмес да өкүмөттү демиткидей...
+8
oneulutman
2014-08-13 16:09:05
кыргызга деген чек ара да , чеп дагы эчтеме эмес , тажигин да , казагын да , озбегин да , кытайын да сыздатып келген убагында ата бабалар , эр журок калкпыз го , чекарасы болсо озуно чегара да бизге беле дегендей))))
+2
LEDI7MERI
2014-08-13 17:28:25
Алсыз мамлекет болуп атабыз да ... Бирок жанагылар контробандисттер болуш керек. Жон адам аткылабайт да.
+1
tolkun85
2014-08-13 17:42:34
озбектер тажиктер жана казактар менен чек арада тополон чыкса ар дайым бизди куноолойт деги биздин кыргыз элинин укугун коргой алган адам барбы?
+2
muke.1971
2014-08-13 20:19:12
сая журсон таяк жейсин дейт
+1
Karysh
2014-08-13 20:51:40
Бир сасык бутун мекенибизди сасытып атышат аркасын кысышып жон эле журушпойбу дейм да коросунор эртен булар да бир депутаттын туугандары болуп чыга келишет
+1
aidai89
2014-08-14 09:35:32
деги бийликке соз жок айтып атып соз да тугонду
0
admin_superstan
2014-08-14 11:14:04
messi.kg, кимдир бирөөнү мазактоого, провокация жаратууга тыюу салынган! 5 күн БАН!
0
Revolyutsioner
2014-08-14 14:23:10
Бул Американын ишиби деп ойлоп кетем, Кыргызстанды болуп жарып жудотууну каалаган. Озбекистан, Тажикистан, Казакстан, бут коншулар менен пикирибиз келишпейт, ал эми президент эч нерсе болбогондой кучакташып журот... Ошончо ири мамлекеттерде чек ара ондогон жылдар тынч турат, биздин биртке чек арада жылына мындай турсун айына бир канча чыр-чатактар болуп турат, муну бийлик эмне деп тушундурот, бир сурагылачы бийликтен...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан