Эске сала кетсек, 2013-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында №47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Милан Шакиевди белгисиз 4 адам бычак менен сайып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары үстүбүздөгү жылдын башында Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеров кармалган эле.
Бүгүн, 13-августта аталган иш боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү. Соттун жүрүшүндө кылмышка шектүү делген жарандарды көргөндүгүн билдирген Л.Ильина аттуу күбө катары өтүп жаткан жаран келбей калгандыгы айтылып, мунун айынан сот отуруму 18-августка жылдырылды.
Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеровдун коомдук жактоочусу Исмаил Токобаев "Аталган күбө 8 айдан бери сот отурумдарына келбей жатат. Бул кандай? Балдар бейкүнөө абакта отура беришеби?!" деп нааразылыгын билдирди.