Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы 13-29-август күндөрү Грецияда «Афины-2004» Олимпиадасы орун алган. Ага 201 мамлекеттен 10 625 спортчу катышып, дүйнө жүзү боюнча Олимпиаданы көрүү үчүн 4 миллионго жакын адам келген.
Дүйнө элин кабыл алуудагы коопсуздукту камсыз кылуу, оюндарды уюштурууга жалпысынан 10 миллиард евродой каражат сарпталган. Бул сумма туризм менен жан баккан өлкөнүн капчыгына туура келбей турганы бышык.
Олимпиада оюндары бүткөндөн кийин өлкө каржы каатчылыгына кабылган. Андан соң спорт акыркы орунга жылып, Олимпиада үчүн курулган имараттар каралбай калган.