Тажик чек арачылары тарабынан кармалган 2 жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилди

Тажик чек арачылары тарабынан кармалган 2 кыргыз жараны бошотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 13-августта билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 1984-жылы туулган Дөөлөтбай Гаимов жана 1986-жылы туулган Бекмырза Матырзаев Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилген. 

Эске сала кетсек, 9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Жерге-Тал аймагында тажик чек арачылары менен 3 кыргыз жаранынын ортосунда атышуу болгон. Анда бир адам каза болуп, экөө кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayakosya
2014-08-13 17:31:24
Буларды камап алып 20 жыл бакпай олгон адамдын уй булосуно чон коломдо компенсация толоткуло.
0
nasi81
2014-08-13 18:42:16
Биздин президенттин ххх ххх дагы келбейт. Коншу мамлекеттер менен мамиле кылышты же тен ата суйлошту да билбейт. Баткен, чек ара, эл деген кызыктырбайт. Канча атышуу, канча кагылышуу болду, ойлонуп да койбоду. Оштогу мерияны алыш учун кандай аракет кылышты. Баткендик туугандар силерге куч кубат берсин, ххх тажиктерге ыйман берсин Аллахым.
0
admin_superstan
2014-08-14 11:21:04
nasi81, биринчиден, этика нормаларын сактаңыз. Экинчиден, башкалардын улутун кемсинтүүдөн, мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
0
nasi81
2014-08-14 14:52:00
admin_superstan, кечирип коюнуздар. Баткен элине ичим ачышып каттуу айтып жибердим.
0
Chon-Alai-kg0101
2014-08-15 10:36:21
nasi81 Сиздин айткандарынызга кошулам, туура айткансыз. Бийлик окулдору чек ара маселесин тез арада чечпесе абдан курч жана окунучтуу кырдаал болуп кетиши кеп эмес. Кудай озу сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан