Тайырбек Сарпашев: “Биометрикалык база менен биометрикалык паспорттун айырмасын жарандар эле эмес, жетекчилер да билбей жатышат”

Бүгүн, 13-августта селектордук отурумдун жүрүшүндө КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев: “Биометрикалык база менен биометрикалык паспорттун айырмасын жарандар эле эмес, жетекчилер да билбей жатышат”,- деди.

Анын айтымында, аталган айырманы Мамлекеттик каттоо кызматынан түшүндүрүп беришет. “Биометрикалык маалыматты чогултуу үчүн жабдуулардын биринчи 100 комплекти жакынкы 1-2 күндүн ичинде келет. Бардык комплекттер толугу менен сентябрда келмекчи”,- деди Сарпашев.

Мындан тышкары ал айыл өкмөттөрүнүн жана райондордун башчыларына чогулуштарды өткөрүп, биометрикалык маалымат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу тапшырма берди.

Ал эми биометрикалык маалымат жана биометрикалык паспорт тууралуу кененирээк жогорудагы шилтеме менен окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан